Импорттолуп келген көчөттөргө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

Импорттолуп келген көчөттөргө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин Ош башкармалыгы Ош облусуна импорттолуп кирген көчөт материалдарына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Көзөмөл эки баскычта жүргүзүлөт: биринчи этапта жүк Кыргыз–Өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Достук" карантиндик фитосанитардык контролдоо посту аркылуу киргизилип, бардык коштоочу документтер — фитосанитардык сертификат, уруксат кагаздары жана товардык-транспорттук документтер текшерилет. Экинчи этапта жүк "Мега Логистик" бажы тариздөө пунктунда кайрадан көзөмөлдөнүп, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынат жана Ош карантиндик фитосанитардык лабораториясына жөнөтүлөт.

Лабораториялык экспертизанын жыйынтыгы таза чыкса гана көчөт материалдарын өлкө аймагына киргизүүгө тиешелүү фитосанитардык документ берилет. Ошондой эле көчөттөргө кошумча зыянсыздандыруу иш-чаралары жүргүзүлөт.

Импорттоодо төмөнкү талаптар милдеттүү: атайын уруксат кагазы, экспорттоочу өлкөнүн фитосанитардык сертификаты, көчөт материалдарынын тазалыгын ырастаган документтер, инвойс жана товардык-транспорттук документтер.

Ош башкармалыгы фитосанитардык талаптарды так сактоо өлкөнүн айыл чарбасын коргоо жана карантиндик зыяндуу организмдердин кирүүсүнө жол бербөө үчүн негизги шарт экенин эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт