Бишкекте мыйзамсыз күч өлчөгүчтөр демонтажалып жатат
Мэриядан билдиришкендей, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында тиешелүү уруксат кагаздары жок жана талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды.
“Мындай чаралар жер пайдалануу тармагында тартипти камсыз кылуу жана шаарды көрктөндүрүү максатында жүргүзүлөт. Рейддер жана демонтаж иштери башка райондордо да улантылат”,-деп айтылат маалыматта.