Индиянын премьер-министри Нарендра Моди соцтармакта эң көп катталуучусу бар адам болду

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди соцтармакта эң көп катталуучусу бар адам болду

Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди дүйнөлүк лидерлердин арасынан соцтармактарда 100 миллиондон ашык катталучусу бар лидер болуп калганын  Times of India жазды.

Нарендра Моди 2014-жылы социалдык тармакта аккаунт ачкан. Азыр башка дүйнөлүк саясатчыларга салыштырмалуу анын катталуучулары эки эсе көп: АКШ президенти Дональд Трамптыкы – 43,2 млн, Индонезия лидери Прабово Субиантонуку – 15 миллион, Бразилия президентики – 14,4 миллион, Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдогандыкы – 11,6 миллион.

Индия ичинде да Премьер Моди башка саясатчылардан алдыда: Уттар-Прадеш штатынын башчысы Йоги Адитьянатхта – 16,1 млн катталуучу, оппозиция лидери Рахул Гандиде – болжол менен 12,6 млн катталуучу бар.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө калдыктар кайра иштетилип, башаламан таштанды төгүүчү жайлар азаят

Чүйдө калдыктар кайра иштетилип, башаламан таштанды төгүүчү жайлар азаят

Чүй облусундагы таштанды төгүлүүчү жайларда топтолгон калдыктарды Бишкектеги кайра иштетүүчү заводго жеткирүү маселеси боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, ошондой эле

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде  калтырды

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде калтырды

КРнын Улуттук банкынын Башкармасы эсептик ченди 12,00 % деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Акыркы жолу эсептик чен 2026-жылдын февраль айында 11%дан 12%га жогорулаган. Улуттук банктын өкүлдөрүнүн билдирүүсунө караганда, тышкы шарттар өлкөдөгү баалардын динамикасын аныктоочу негизги фактор бойдон калууда. Эсептик ченге байланышкан басма сөз жыйынынын жүрүшүндө төраганын орун

Кыргызстанда эт тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат

Кыргызстанда эт тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Ишкерлер союзунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, талкууда учурдагы инфратүзүмдү натыйжалуу пайдалануу, инвестиция тартуу жана мал өндүрүүчүлөр, бордоп семиртүүчү чарбалар менен кайра иштетүүчү ишканалардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Белгиленгендей, эт багытын

16%дан башталган бизнес-кредиттер: DemirBankтан 31-октябрга чейин атайын шарттар

16%дан башталган бизнес-кредиттер: DemirBankтан 31-октябрга чейин атайын шарттар

Жаңы буйрутмалар, заманбап жабдуулар, ассортиментти кеңейтүү же кошумча багытты ишке киргизүү — бизнесиңизди өнүктүрүү боюнча пландарыңызды DemirBankтын атайын шарттары менен азыртан ишке ашырыңыз. 2026-жылдын 31-октябрына чейин ишкерлер үчүн төмөнкү сунуштар жеткиликтүү: ·       чакан жана орто бизнес үчүн бизнес-кредиттер — жылдык 17%дан; ·       "Арууке" программасы боюнча ишкер айымдар үчүн