Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов ааламы” жөн гана музей болбостон, маданияттын, илимдин, агартуунун жана руханий тарбиянын борбору болушу керектигин белгиледи.

“Биздин максат – Айтматов агабыздын мурасын адеми курулган имараттын ичинде эле сактап калуу эмес, аны кийинки муундун аң-сезимине терең сиңирүү болуп саналат. Анткени Айтматов – адам баласын табият менен гармонияда жашоого чакырган, ар кыл маданияттар менен диндердин карама-каршылыгын эмес, алардын өз ара түшүнүүсүн жана диалогун жактаган, келечек үчүн коңгуроо каккан жалпы адамзаттык деңгээлдеги нравалык лидер!”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Комплексте ошондой эле маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган амфитеатр, улуттук маданиятты чагылдырган боз үйлөрдү тигүү үчүн аянтчалар жана туристтердин эс алуусу менен тейлөөсүнө керектүү инфраструктура каралган.

Мындан тышкары, комплекс жергиликтүү экономикага да таасир берет. Расмий маалыматта жаңы жумуш орундарын түзүү, туризм тармагында жергиликтүү тургундардын киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү максаттары белгиленген.

Музейге келгендер Айтматовдун чыгармачылыгы менен таанышып, адабий жана маданий иш-чараларга катыша алышат. Ошондой эле Шекер айылынын тарыхый-маданий мурасы тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Ачылыш аземинин жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп, комплекс менен таанышты. Анда жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр театралдаштырылып көрсөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media