Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат
Бишкек шаарында 2026-жылы 800дөн 1 миңге чейин эски бак-дарактарды кыйуу пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев билдирди.
Анын айтымында, негизинен эски терек жана кара жыгач дарактары кыйылат. Иштер шаардын 50 көчөсүндө жүргүзүлөт.
Анын ордуна ири көлөмдө жашылдандыруу иштери аткарылат. 2026-жылы 17 миң жаңы көчөт отургузуу пландалууда. Мындан тышкары, мэрия 50 миң көчөт сатып алууда. Алар питомниктерде жергиликтүү климатка ылайыкташтырылып, 2027-жылы отургузулат.