Быйыл 1 млн 250 миң гектар аянтка айыл чарба өсүмдүктөрү себилет
2026-жылдын түшүмү үчүн республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1 млн 250 миң гектарды түзөрү мерчемделүүдө. Анын ичинен 818 миң гектары сугат жерлерге, 432 миң гектары кайрак жерлерге туура келет. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылы бул көрсөткүч 1 млн 245,6 миң гектарды түзгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
2026-жылдын 27-февралына карата өлкө аймактарында жазгы талаа иштери жигердүү жүрүүдө. Республика боюнча 29 миң 664 гектар жер айдалды. Жер айдоо боюнча алдыңкы орунда Ош облусу (17 миң 768 га), Чүй облусу (9 миң 749 га) жана Жалал-Абад облусу (2 миң 147 га) турат.
Жаздык кылкандуу дан эгиндери 5 миң 547 гектар аянтка себилди. Анын ичинен буудай 2 миң 466 гектарга (Ош — 1 миң 510 га, Чүй — 850 га, Жалал-Абад — 106 га), арпа 3 миң 81 гектарга (Чүй — 1 миң 318 га, Ош — 996 га, Жалал-Абад — 767 га) айдалды.
Мындан тышкары, 189,7 гектар аянтка картошка (негизинен Жалал-Абад облусунда) жана 5 гектарга жашылча (Ош облусунда) себилди.
Учурда талаа иштери өлкөнүн түштүк аймактарында жана Чүй өрөөнүндө кызуу жүрүүдө. Ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында климаттык шарттарга байланыштуу себүү иштери али баштала элек.