ИИМ 25 млн сомдук материалдык зыян келтирген УКТ мүчөлөрүн кармады
ИИМ 15 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаганын ведомстводон билдиришти. Кармалгандар мурда бир нече жолу соттолгон жана УКТнын активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган. Алардын өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук жана каракчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Кылмышкерлер административдик имараттарды, соода объектилерин жана кеңселерди тоноо менен алектенишкен.
Кылмыш жасоодо топтун мүчөлөрү аялдын жүзү түшүрүлгөн реалдуу силикон беткаптарды, париктерди жана башка ыкмаларды колдонушкан. Келтирилген жалпы материалдык зыян 25 млн сомду түзөт.
Атайын операциянын алкагында кармалгандар:
- 1980-жылы туулган М. Б. А. – мурда 5 жолу соттолгон (адам өлтүрүү, каракчылык, уурулук);
- 1991-жылы туулган Т. уулу Т. – мурда 3 жолу соттолгон;
- 1988-жылы туулган К. С. Д. – мурда 14 жолу соттолгон;
- 1994-жылы туулган Ж. Д. Т. – мурда 5 жолу соттолгон;
- 1988-жылы туулган Ч. З. С. – мурда 5 жолу соттолгон;
- 1991-жылы туулган Т. уулу У. – мурда соттолгон;
- 1988-жылы туулган О. М. Д. – мурда 6 жолу соттолгон;
- 1991-жылы туулган М. уулу Э. – мурда 3 жолу соттолгон;
- 1988-жылы туулган Э. А. Р. – мурда соттолгон.


Тинтүү учурунда топтун мүчөлөрүнөн сейф ачуучу профессионалдык жабдыктар, радиостанциялар, GPS-трекерлер, сигнализация өчүргүчтөр, ошондой эле автомат, Макаров тапанчасы, Ф-1 гранатасы жана баңгизаттар табылган.
Тергөө аныктагандай, бул кылмыштуу топ абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдар (К.Н.Д., Э.Ж.О., Б.А.Т. ж.б.) менен тыгыз байланышта болгон. Эркиндиктегилер кылмыш жасаса, абактагылар жасалган кылмыштарды өздөрүнө алуу же тергөөгө жалган маалымат берүү менен алектенишкен.
Учурда бардык кармалгандар "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренеси боюнча айыпталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ыкчам-тергөө иштери улантылууда.