Кара-Суудагы Савай айылында ирригация маселеси быйыл толук чечилет
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кеңешме-жыйынында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл аймагындагы ирригация маселеси толугу менен чечилери белгиленди. Бул тууралуу министрдин орун басары, Суу ресурстары башкармалыгынын башчысы Алмаз Жээналиев билдирди.
Анын айтымында, Савай айылындагы коллектор-дренаж тармагын калыбына келтирүү боюнча иштер Эл аралык кызматташтык алкагында жүргүзүлүүдө.
2025-жылы көп жылдан бери чечилбей келген маселе Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында оң чечимин тапты. Биргелешкен аракеттердин негизинде суу агымын калыбына келтирүүгө шарт түзүлдү.
Долбоордун алкагында Өзбекстан тарап 10 чакырым коллекторду тазалап, үч даана дюкерди толук ачып, суу агымын калыбына келтирди.
Ал эми "Гидрогеология" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын балансындагы 23,3 чакырым коллектор-дренаж тармагын механикалык тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда анын 11,6 чакырымы тазаланып, калган 11,7 чакырымын тазалоо иштери 2026-жылга пландалган.
Министрликтин маалыматына ылайык, Савай айыл аймагындагы ирригация маселеси 2026-жылдын ичинде толугу менен чечилип, айыл чарба жерлерин туруктуу сугат менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өз кезегинде фермерлерге айыл чарба продукциясынын көлөмүн жана сапатын жогорулатууга шарт түзөт.
Аталган долбоор Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын натыйжасында ишке ашып, региондогу суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу башкарууга өбөлгө түзөт.