Манас шаарындагы "Достук" паркына 11,6 млн сомго монумент курулат

Манас шаарындагы "Достук" паркына 11,6 млн сомго монумент курулат

Манас шаарынын муниципалитети "Достук" паркындагы "Даңк" аллеясын куруу жана реконструкциялоо боюнча тендер жарыялады. Маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланган.

Буйрутмачы болуп шаар мэриясынын алдындагы коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти чыгууда. Долбоордун жалпы пландалган суммасы 11 млн 618 миң 800 сомду түзөт.

Лоттун алкагында скульптураны жасоо жана тарыхый эстеликтер менен мемориалдарды куруу категориясына кирген объектти куруу иштерин жүргүзүү каралган.

Сөз "Даңк" аллеясынын курамындагы монументти тургузуу жана анын айланасын кошумча көрктөндүрүү тууралуу болуп жатат. Иштер келишим түзүлгөндөн кийин 45 күндүн ичинде аткарылышы керек.

Келишим боюнча аванс каралган эмес. Төлөмдүн 100%ы объект кабыл алынгандан кийин, болжол менен 2026-жылдын 30-августуна чейин жүргүзүлөт. Ишти белгиленген мөөнөттө бүтүрбөгөн учурда айып пул санкциялары каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.