Кыргызстанда үрөн чарбалары менен көчөткана ээлерине 3% жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда үрөн чарбалары менен көчөткана ээлерине 3% жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда айыл чарба тармагын өнүктүрүү максатында үрөн чарбалары жана күнөсканалар жеңилдетилген 3%дык насыя менен колдоого алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы үрөн жана көчөт даярдоо багытында бир катар көрсөткүчтөргө жетишилди. Учурда өлкө боюнча 86 үрөн чарбасы иш алып барууда. Дотация программасынын алкагында жазгы-күзгү айдоо үчүн 4 миң 485,1 тонна үрөн 2 миң 794 субъектке таратылган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 29,6%га көбөйгөн.

Ошондой эле өлкөдө 24 көчөткана иштеп жатат. 2025-жылы алар тарабынан 15 миллион 37 миң көчөт даярдалган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 23%га көп.

Министрликтин маалыматына караганда, жеңилдетилген насыялар жана дотациялар фермерлерди сапаттуу үрөн жана көчөт менен камсыздоого, айыл чарба продукциясынын көлөмүн жана сапатын жогорулатууга багытталган. Бул чаралар айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, жергиликтүү өндүрүштү күчөтүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, министрлик келечекте үрөн чарбаларын жана күнөсканаларды колдоо программаларын кеңейтүүнү, жаңы дотациялык механизмдерди жана жеңилдетилген насыяларды ишке киргизүүнү пландап жатканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Азия өнүктүрүү банкы айыл чарба долбоорлоруна баа берди

Азия өнүктүрүү банкы айыл чарба долбоорлоруна баа берди

23-июнда Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жумушчу жолугушууга Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү, долбоордун жетекчиси Заур Бостанов, ошондой эле талдоочу Айнура Аскарбек катышты. Жолугушууда Айыл

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 1 млрд доллардан ашты

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 1 млрд доллардан ашты

23-июнда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 12-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында болду.  Отурумда

Абдупата Маткаликов Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мүчөсү болду

Абдупата Маткаликов Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мүчөсү болду

Манас шаарынын мурдагы мэри Абдупата Маткаликов Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин курамына кирди.  Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети колдоду. Абдупата Маткаликов Манас шаарынын мэри болуп төрт ай иштегенден кийин президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулду. Ал мэрлик кызматка 2026-жылдын 20-февралында дайындалган. Кыргызстандын экономика,

Токмоктогу ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча тергөө башталды

Токмоктогу ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча тергөө башталды

22-июнда Токмок шаарындагы "Гавайи" эс алуу борборунун аймагында 22 адамдын катышуусунда ок атуу менен коштолгон жаңжал болду. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, жаштар арасындагы пикир келишпестик алгач кайым айтышуудан башталып, кийин мушташка айланган. Андан соң катышуучулар бири-бирин унаалар менен кууп жөнөшкөн.