Ош аэропортунда 1 млн сомдук алтын буюмдар өлкөгө киргизилген жок

Ош аэропортунда 1 млн сомдук алтын буюмдар өлкөгө киргизилген жок

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алтын зер буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу фактысы Ош эл аралык аэропортунда аныкталган.

Такталган маалымат боюнча, өлкөгө жалпы баасы 1 млн сомдон ашкан алтын буюмдар — шакек, сөйкө жана чынжырлар коштоочу документтерсиз алып кирилүүгө аракет жасалган.

Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Текшерүүнүн материалдары укуктук баа берүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүлдү.

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстан аймагына зер буюмдарды алып кирүүгө көзөмөл уланып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Араван райондук мамлекеттик администрациясында айыл чарба тармагына арналган кеңешме жыйыны болуп өттү. Жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйында район аймагындагы жазгы талаа иштерине даярдык маселеси каралып,

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Кечээ Берлин шаарында ITB Berlin 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын туроператорлору үчүн расмий кабыл алуу уюштурду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Deutscher Reiseverband (DRV)

"Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн

"Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн

"Кепилдик фонду" ААК түзүлгөндөн бери ишкер айымдарга жалпы суммасы 12 млрд сомдон ашкан насыя алууга көмөктөшкөнүн фонддун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рейна Курманкожоева билдирди. Маалыматка ылайык, фонд тарабынан берилген жалпы кепилдиктердин 38%ы (4 885) аялдардын бизнесине багытталган. "Ишкер айымдар алган насыялардын жалпы суммасы 12 млрд сомду

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобону бекиткен тиешелүү чечимге кол койду. Документ Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар ортосунда санариптик маалымат алмашууну камсыздоого багытталган. Ошондой эле ал маалыматтардын негизинде санариптик сервистерди түзүүгө