Токтогул районунда 991 433 сом алимент өндүрүлдү

Токтогул районунда 991 433 сом алимент өндүрүлдү

Токтогул райондук сот аткаруучулар кызматы жашы жете элек балага төлөнбөй келе жаткан 991 433 сом алименттик карыз өндүрүлгөнүн билдирди.

Сот М.Э.А. аттуу жаранды кирешесинин ½ бөлүгүн жашы жете элек баласын багуу үчүн жубайына алимент төлөөгө милдеттендирген. Өз учурунда төлөнбөгөн 991 433 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз мажбурлоо чараларынын натыйжасында толугу менен өндүрүлүп, баланын энесине өткөрүлүп берилди.

Башкы прокуратура былтыр өлкөдө 1200 жаран алимент төлөбөй жүргөнүн билдирген. Сот департаментинин маалыматына ылайык, учурда алимент карызы боюнча 59 миңден ашык иш ачык турат. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы: Кайрылууларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүңүздөр

Салык кызматы: Кайрылууларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүңүздөр

Жарандардын арыз жана кайрылуулары расмий кароого алынышы үчүн аларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүү зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандар өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу. Кайрылуулар төмөнкү тартипте берилиши мүмкүн: жазуу жүзүндө (арыз, даттануу, кайрылуу); электрондук түрдө

Ошто 135 км СИП чубалгылары жаңыланып тартылат

Ошто 135 км СИП чубалгылары жаңыланып тартылат

Энергетика министрлигинин тармакты өнүктүрүүгө багытталган реформаларынын алкагында 2026-жылы Ош облусунда масштабдуу курулуш жана реконструкция иштери жүргүзүлөт. Анын негизинде жалпысынан 134,64 чакырым СИП аба чубалгысы жаңыдан курулуп жана эскилиги жеткен өткөргүчтөр жаңыланат. Бул тууралуу Ош электр тармактар ишканасынан билдиришти. Бул иштер заманбап өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүчтөрдү (СИП) колдонуу менен ишке

Ошто узундугу 12,5 метр, туурасы 21,5 метр болгон жаңы көпүрө салынууда

Ошто узундугу 12,5 метр, туурасы 21,5 метр болгон жаңы көпүрө салынууда

Ош шаарында көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин алкагында Сүйүнбаев жана Атабаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрө кайрадан курулуп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Учурда көпүрөнү бузуп, жаңысын куруу иштерине керектүү техникалар тартылып, курулуш адистердин көзөмөлүндө жүрүүдө. Курулуш иштери 12-февралда башталган. Долбоорго ылайык, жаңы көпүрөнүн узундугу 12,5 метр, ал эми кенендиги 21,

Манас районунда электр тармактарын жаңылоо иштери башталды

Манас районунда электр тармактарын жаңылоо иштери башталды

Энергетика министрлигинин реформасынын алкагында Манас районунда аба чубалгыларында 574,726 км техникалык тейлөө иштери башталды. Аталган иш-аракеттер Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Атап айтканда 10 кВ аба чубалгыларында 272,980 км, 0,4 кВ аба чубалгыларында 301,746 км техникалык