Ош шаарындагы үч эмдин ата-энесине шаар мэри 50 миң сом берди

Ош шаарындагы үч эмдин ата-энесине шаар мэри 50 миң сом берди

Ош шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлгөнүн Ош шаарынын мэриясы кабарлады.

Шаар мэри Жанарбек Акаевдин атынан мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова муниципалдык Керме-Тоо аймактык башкармалыгунда жайгашкан “Анар” кичи районунда жашаган Мавлюда Бердигулованы үйүнө барып куттуктады. Ал жакында үч эм төрөгөн.

Мэрдин атынан үй-бүлөгө 50 миң сомдук сертификат жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга арналган белектер тапшырылды.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, ымыркайлар 2026-жылдын 20-февралында Ош облустук төрөт үйүндө төрөлгөн. Учурда эненин жана балдардын абалы жакшы деп бааланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катардын энергетика министри Саад аль-Кааби Перс булуңундагы бардык энергия ташуучуларды экспорттоочу өлкөлөр жакынкы күндөрү форс-мажор жарыялашы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, мындай кырдаалда нефть баасы баррелине 150 долларга чейин көтөрүлүшү ыктымал. Министрдин сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы согуш дароо токтогон күндө да Катарга суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнү калыбына келтирүү үчүн бир

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

"Кепилдик фонд" ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Жапониядан келген делегация менен бир катар жолугушууларга катышты. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти. Делегацияны Точиги префектурасынын кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Анзай Катсуми жетектеп келди. Жолугушууларга жапон финансылык уюмдарынын өкүлдөрү жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү катышты. Жолугушууларда

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Финансы министрлигинде министр Алмаз Бакетаев кытайлык делегация менен жолугушту. Делегацияны Ли Синлун жетектеди, ал Шэньси провинциясынын финансы комитетинин башкармалыгынын директорунун орун басары болуп саналат. Жолугушууда тараптар биргелешкен инвестициялык фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Кыргыз тарап Кыргызстандын финансылык институттары жана Кытайдын Шэньси провинциясы катышкан инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады. Бул фонд чакан жана

Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

10-мартта Бишкектин айрым аймактарында реконструкция иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. 2026-жылдын 10-мартында саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Суу төмөнкү аймакта өчүрүлөт: