2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык башталды
Бишкек шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык алкагында электр тармактарын ири масштабда жаңылоо иштери башталды. Анын алкагында 2026-жылы 40 700 кмден ашык СИП-кабелди тартуу жана реконструкциялоо пландалып жаткандыгын Энергетика министрлигинен бидиришти.
Билдирүүгө караганда, долбоор март айынан ноябрга чейин жүргүзүлүп, шаардын негизги электр тармактарын камтымакчы. Иштер райондук электр тармактары боюнча бөлүштүрүлөт. Жаңылоо иштеринин алкагында эски электр линиялары алмаштырылып, заманбап изоляцияланган СИП-кабелдер тартылат. Мындан тышкары жаңы тирөөчтөр орнотулуп, учурдагы тармактар бекемделет, жаңы абоненттер кошулат жана жүктөм азайтылат.
Адистердин айтымында, СИП-кабелдерди колдонуу кыш мезгилинде электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Алар кар жана муздун таасирин азайтып, кыска туташуулардын коркунучун алдын алууга жардам берет.
Долбоор ишке ашса, электр энергиясын берүү сапаты жогорулап, авариялардын саны кыскарып, жоготуулар азаят. Ошондой эле жаңы керектөөчүлөрдү туташтырууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

