"Бала ырысы" жөлөкпулун ишке ашыруу механизмдери талкууланды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөкпулун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводо билдиришти.
Министр Канат Сагынбаев жөлөкпул Президенттин демилгеси менен киргизилип жатканын белгилеп, ал үч жашка чейинки балдарга ай сайын төлөнөрүн айтты.
Жөлөкпул балдардын тамактануусун жакшыртууга, кам көрүү шарттарын камсыздоого жана үй-бүлөнүн кирешесин жарым-жартылай колдоого багытталган.
Аны майыптыгы бар балдар, "Үй-бүлөгө көмө" алган үй-бүлөлөрдүн балдары ала алышат. Бийик тоолуу аймактарда жарандар 1200 сомдук "Бала ырысы" же 3000 сомдук башка жөлөкпулду тандай алышат.
Жыйында жөлөкпулду берүүнүн ачык жана натыйжалуу механизмдери талкууланды.