"Куликов" менен араздашкан блогерге 200 миң сом айып пул салынабы?

"Куликов" менен араздашкан блогерге 200 миң сом айып пул салынабы?

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 27-мартта тейлөө тармагында мамлекеттик тил тууралуу талапты сактоо жөнүндөгү видеолорду чыгарып жүргөн блогер Айтилек Орозбековдун иши каралып, тараптар жарыш сөзгө чыкты. 

Прокуратура блогерге жалпы жонунан 200 миң сом айып пул салууну соттон суранганын адвокат Жаныш Бараков "Азаттыкка" билдирди. Жактоочунун айтымында, кийинки отурум 1-апрелге белгиленди. Бул күнү сот чечим чыгарышы керек.

Блогер Айтилек Орозбеков былтыр май айында Ютубдагы өз каналында "Куликов" кофеканаларынын бири жөнүндө видео чыгарган. Ал кондитердик жай башка бир жаранды "кыргызча тейлебейбиз" деп чыгарып коюшканын айтып, андан соң телефон аркылуу компаниянын операторунан кыргыз тилинде тейлөөсүн талап кылган. Видеонун соңунда блогер "Куликов кофеканасына кыргыз тилин сыйлабагандыктан келбөөңүздөрдү өтүнөм" деп чакырган.


Бул окуядан кийин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Блогер былтыр 6-майда кармалып, кийин үй камагына чыккан.

Иш тергелип бүтүп, былтыр июнь айында Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып баштаган. "Куликов" ишканасы блогердин бөгөт чарасын өзгөртүп, аны камакка алуу өтүнүчүн келтирген. 

Окуя быйыл январдын башында ачыкка чыгып, коомчулукта кеңири резонанс жараткан. 

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары кондитердик компанияга бойкот жарыяласа, кээ бирлери, тескерисинче, бул ишканага колдоосун билдиришкен.

Соңунда "Куликов" кондитердик үйү менен блогер Орозбеков элдешип, компания соттон арызын кайтарып алган. Бирок соттук териштирүү токтобой турганын, судья же актаган, же айыптаган өкүмүн жарыялашы керек болорун блогердин адвокаты билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда автоунаа өндүрүү көлөмү 7 млн долларга жетти

Эки айда автоунаа өндүрүү көлөмү 7 млн долларга жетти

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен 621,3 млн сомду же 7 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат. Ошол эле учурда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш анча чоң эмес болгон — 620,6 млн сомдон көбөйгөн. Февраль айында өлкөдө 347,6

Алар-Арча дарыясынын жээгинен 17 объект демонтаждалды

Алар-Арча дарыясынын жээгинен 17 объект демонтаждалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук акимиаты билдиргендей, Жунусалиев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки тилкеде Ала-Арча дарыясынын коргоо аймагы текшерүүдөн өткөрүлдү. Иш-чара шаардык кызматтардын катышуусу менен уюштурулду. Текшерүүнүн жыйынтыгында коргоо аймагында мыйзам бузуу менен жайгашкан 17 объект демонтаждалды. "Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтары суу объектилеринин коргоо аймактарын бошотуу жана шаар куруу менен

С.Жапаров: Алгачкы жолу улуттук валютабызды өзүбүз басып чыгара баштадык

С.Жапаров: Алгачкы жолу улуттук валютабызды өзүбүз басып чыгара баштадык

Өлкө президенти Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасында, кубанычтуу кабар менен бөлүштү. Президенттин айтымында өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Садыр Жапаровдун билдирүүсү: "Бүгүн - Кыргызстан үчүн тарыхый күн! Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма

Адылбек Касымалиев "Digital Qazaqstan – 2026" форумуна катышты

Адылбек Касымалиев "Digital Qazaqstan – 2026" форумуна катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумуш сапарынын алкагында "Digital Qazaqstan – 2026" эл аралык санарип форумуна катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Форумдун алкагында делегация башчылары санарип технологиялардын көргөзмөсү менен таанышып, жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө жана экологияны коргоого багытталган долбоорлор сунушталды. Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн Касымалиев