Мамлекеттин пайдасына 58,7 млн сомдук алтын куймалар өткөрүлдү
Сот аткаруучулар кызматы тарабынан мамлекеттин пайдасына 58,7 млн сомдук конфискацияланган алтын өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, кызматтын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча бөлүмү мүлктү конфискациялоо тууралуу соттук акттын аткарылышын камсыздады.
Анын алкагында жалпы салмагы 3971,04 граммды түзгөн 6 алтын куймасы конфискацияланды. Жыйынтыгында мамлекеттин кирешесине 58 млн 715 миң сом өлчөмүндөгү каражат өткөрүлдү.