Кыргызстан менен Россия энергетикалык кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты

Кыргызстан менен Россия энергетикалык кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты

Россиянын энергетика министри Сергей Цивилев жана Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушуу “Энергопром” эл аралык электр энергетикасы форумунун алкагында өттү.

Сүйлөшүүлөрдө тараптар орусиялык энергетикалык жабдууларды сатып алуу боюнча узак мөөнөттүү кызматташтык программасын карашты.

Анын алкагында кыргызстандык сатып алуучулар менен орусиялык өндүрүүчүлөрдүн ортосунда тармактык заказдарга негизделген пилоттук сатып алуу программасын ишке киргизүү пландалууда.

Таалайбек Ибраев бул программа кыргыз компанияларына жеткирүү мөөнөтү так аныкталган, сапаттуу жабдууларды алууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Ошондой эле ал энергетика тармагын өнүктүрүүдө заманбап технологияларды колдонуу маанилүү экенин баса белгиледи.

Форумдун алкагында электр энергетикасы тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү максатында тиешелүү министрликтер аралык меморандумга кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

94 миң сомдук “кайрымдуулук” жасаган автоуурулукка шектүү жаран кармалды

94 миң сомдук “кайрымдуулук” жасаган автоуурулукка шектүү жаран кармалды

Ош шаарында жүк салынган “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны айдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Маалыматка караганда, окуя 9-июлдан 10-июлга караган түнү болгон. Шектүү үйдүн короосунда токтоп турган, эшиги ачык жана ачкычы ичинде калган унааны айдап качып кеткен. Окуя боюнча укук коргоо

Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Фрунзе көчөсүнүн А. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт-бетон алынып, жолдун негизи бекемделди. Инженердик тармактар оңдолуп, жаңы асфальт-бетон төшөлдү. Ошондой эле жол инфраструктурасынын элементтери жаңыртылды. Учурда жол оңдоо иштери бекитилген графикке

Баткенде Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен жаран изделип жатат

Баткенде Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен жаран изделип жатат

Баткен районунда Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен 48 жаштагы эркек кишини издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Алдын ала маалыматка ылайык, 10-августта саат 18:00 чамасында Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын Кожешкен жерлигинде 48 жаштагы

Ара-Көл – Оро-Башы жолунун 5 чакырымы асфальтталууда

Ара-Көл – Оро-Башы жолунун 5 чакырымы асфальтталууда

Нарын облусунун Кочкор районундагы Ара-Көл – Оро-Башы унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырымына асфальт-бетон төшөө каралган. Учурда №955 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп,