Бишкектин Ак-Тилек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда
Бишкек шаарынын Ак-Тилек конушунда жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бала бакча Ак-Шоокум көчөсүндө жайгашып, 100 орунга ылайыкталган.
Долбоордун тапшырыкчысы Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы болсо, курулуш иштерин "ПСО Адис Строй" ЖЧКсы жүргүзүүдө.
Объект борбор калаанын Свердлов районунда жайгашып, жер тилкесинин аянты 0,2179 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 1042,05 чарчы метрди түзөт.
Учурда курулуш иштеринин алкагында темир-бетон каркасы толугу менен бүткөрүлүп, чатырын жабуу жана кирпич дубалдарын тургузуу иштери жүрүп жатат.