Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот
Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөндөйт. Буга өлкөдөгү кант заводдорунун өндүрүш көлөмү ички керектөөдөн жогору экени себеп болот. Бул тууралуу Кумшекер кластеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү эки кант заводу ай сайын 20–25 миң тонна кумшекер өндүрөт. Ал эми ички керектөө айына болжол менен 8 миң тоннаны түзөт. Мындай шартта октябрь-декабрь айларында кумшекердин баасы төмөндөйт.
Ал эми апрель айынан тарта баа кайра жогорулап, июнь-август айларында эң жогорку чекке жетет. Бул мезгилде кумшекерге болгон суроо-талап да көбөйөт.
Алтыбаев кумшекердин баасынын өзгөрүшү дүйнөлүк рыноктогу кырдаалга да байланыштуу экенин белгиледи. Анын маалыматына караганда, учурда Бразилияда кумшекер кымбаттап жатса, Орусия менен Беларуста баа төмөндөөдө.