УКМК 10 миң доллар алдоого шектелген адвокатты кармады
Атайын кызматтан билдиришкендей, жактоочу А.М.Р. жаран М.У.М.нын ишенимине кирип, анын камактагы атасы А.М.М.га карата козголгон кылмыш ишин токтотуп, абактан бошотууга көмөктөшүүнү убада кылган. Бул кызматы үчүн ал 15 миң доллар жана 200 миң сом өлчөмүндөгү каражатты алган.
Бирок жактоочу өзүнө алган милдеттенмелерин аткарган эмес. Кийинчерээк ал алынган акчанын 5 000 долларын гана кайтарып берип, калган 10 000 доллар жана 200 000 сомду бербей койгон. Натыйжада жабырлануучуга ири өлчөмдөгү материалдык чыгым келтирилген.
Аталган факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү, 1-пункту (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Күн мурун, 9-апрелде Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, шектүү А.М.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул ишке тиешелүү бардык жагдайларды тактоо максатында тергөө амалдары улантылууда.