Тажикстан быйыл 5,5 миң чет өлкөлүк жумушчуну кабыл алат

Тажикстан быйыл 5,5 миң чет өлкөлүк жумушчуну кабыл алат

Тажикстандын бийлиги быйыл чет өлкөлөрдөн тартылчу жумушчулардын квотасын бекитти. Президент Эмомали Рахмондун токтому менен үстүбүздөгү жылы 5 жарым миң чет элдик жумушчу ишке алынмакчы.

Анын 3 миң 400 оруну кытайлыктарга, 520 орун ооган жарандарына, 400ү ирандыктарга бөлүнөт.

Президенттин токтомунда чет өлкөлүктөр көбүнчө өнөр жай жана курулуш тармактарына алынары айтылат.

Ошол жумушчулар негизинен Дүйшөмбү жана башкалаанын айланасындагы райондордо иштешет. Тажик өкмөтү жыл сайын чет мамлекеттен келген жумушчулардын квотасын бекитет.

Ошол эле маалда жылына бир миллиондой тажик жараны жакшыраак акча табуу үчүн башка өлкөлөргө эмгек миграциясына жөнөшөт.

Мындан тышкары окуңуз

КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

Президент Садыр Жапаров кече Авазада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды. Мамлекет башчысы Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларус Республикасынын президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри менен биргеликте Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элдеринин улуттук ашканасы, салттары жана маданий мурастары менен таанышып чыгышты. Лидерлерге Кыргызстан,

Ишкер Media
Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Москва райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге автоунааларды пайдаланууда экологиялык талаптардын бузулушун аныктоо максатында рейд жүргүзүштү. Аталган министрликтин билдирүүсүнө караганда, рейддин жүрүшүндө Чүйдө автотранспорттон зыяндуу заттарды ашык чыгарган 7 факты аныкталып, жалпы 68 миң сом айып салынды.

Ишкер Media
Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Учурда өлкөдө кант кызылчасы жыйналууда. Бул жылы кант кызылчасы 11,8 миң гектар аянтка айдалып, учурда анын 4,1 миң гектарында түшүм жыйналды. Буга байланыштуу "Ишкер Медиа" түшүм жыйноого кеткен чыгымдарды жана дыйкандар туш болгон кыйынчылыктарды билүү үчүн жеринен кабар алды. Дыйкандардын айтымында, кант кызылчасын өстүрүүдө жерди иштетүүдөн

Ишкер Media
Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media