Кыргызстандын чек ара аймактарындагы сезондук миграциянын экономикасы
Салтка айлангандай, көпчүлүктүн аң-сезиминде эл аралык уюмдардын иши гуманитардык жардам берүү менен байланыштуу деп калыптанган. Бирок, БУУнун Тынчтык куруу фондунун кыргыз-өзбек чек ара кызматташтыгын чыңдоо боюнча долбоору мындай пикирди жокко чыгарып, институционалдык жана экономикалык интервенция түрүндөгү иштин жаңы мамилесин сунуштап жатат.
Бул иштин өзөгүн 2023-жылдын 27-январында эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев тарабынан Бишкекте кол коюлган, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндөгү декларация түзөт. Биз ЭМУнун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева менен мобилдүүлүктү жөнгө салуунун системалуу мамилеси, мамлекеттик чек араны тоскоолдуктан аймактык өнүгүүнүн куралына кантип айландыра ала тургандыгыбыз тууралуу баарлаштык.

- Бул БУУнун агенттиктеринин консорциумда Миграция боюнча Эл аралык уюмдун ролу эмнеде?
ЭМУнун долбоордогу ролу ырааттуу жана коопсуз миграцияны камсыз кылуучу биздин негизги мандатыбыз менен аныкталган. Бул жерден биз чек аранын адамдык өлчөм деп аталган жагы үчүн жооптуубуз, анткени биздин милдетибиз - стихиялуу миграцияны жөнгө салынуучу экономикалык активге айландыруучу механизмди түзүү. Биз адам укуктары менен мамлекеттик башкаруунун кесилишинде иштейбиз. Анын ичине чек ара кызматына техникалык колдоо көрсөтүү, мамлекеттик кызматкерлерди укуктук стандарттар боюнча окутуу, бизнес жана жарандар үчүн чек арадан өтүүнү алдын ала айтууга мүмкүн болгон санариптик инфраструктураны түзүү кирет.




Ала-Букадагы - Достук фестивалы 2025-ж. Сүрөт: ЭМУдан алынды
- Сандарга токтолсок. Эмне үчүн дал ушул багыт тынчтыкты куруу фондунан каржылоо үчүн артыкчылыктуу деп табылды?
Региондогу мобилдүүлүктүн масштабы кыйла системалуу мамилени талап кылат. Бул эмгек рыногынын басымдуу бөлүгү экенин, анын 71% өлкөдө алты айдан аз убакытка жүргөн сезондук эмгек мигранттарынан тураарын түшүнүү керек. Тийиштүү жөнгө салуусуз, бул интенсивдүүлүк учурдагы мамлекеттик институттарга кыйынчылык келтирет. Мисалы, биздин базалык сурамжылообуз көрсөткөндөй, чек арадан көп өткөн респонденттердин 60%ы чакан чек ара өткөрүү пункттарынын инфраструктурасына канааттанбайт.
- Долбоорду ишке ашыруунун биринчи толук кандуу жылы - 2025-жыл болду. Бул көйгөйлөрдү чечүүдөгү ЭМУнун салымы тууралуу айтып берсеңиз?
2025-жылы биздин команда үч багытка басым жасады: санариптештирүү, инфраструктура жана экономикалык укук. “Укук” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте БУУ агенттиктери, атап айтканда, Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУнун башкармалыгы “Electronic Border” мобилдик тиркемесинин прототибин иштеп чыгышты. Тиркеме 2026-жылдын апрель-май айларында ишке киргизилет жана ал чек арадан көп өткөн жарандарга өткөрүү пункттарынын жыштыгын реалдуу убакытта көзөмөлдөөгө шарт түзөт.
Бул процессте ЭМУ чек ара аймактарындагы сезондук эмгек мигранттардын арасында мобилдик тиркемени жайылтууга жооптуу. Биздин эксперттер пилоттук өткөрүү пункттарында адам укуктары сакталып жаткандыгына баалоо жүргүзүштү. Билим берүү жагын айта турган болсок, биз ЭМУнун активдүүлүгүнүн алкагында “Чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү эмгек миграциясы” боюнча атайын сессия өткөрдүк.


Кадамжайдагы - гүлдөр фестивалы 2026-ж. Сүрөт: ЭМУдан алынды
- 2027-жылдын март айында долбоор аяктаса, анын жыйынтыгы кандай болот деп элестетесиз?
Идеалдуу натыйжа болуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эң жогорку өкмөттүк деңгээлде жетишилген өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча ири масштабдуу келишимдердин тажрыйбалык негизде ишке ашырылышы саналат. Биздин долбоор тиешелүү мамлекеттик мекемелерге бул жагымдуу өзгөрүүнү жер-жерлерде тезирээк өздөштүрүшүнө гана жардам берет. Биз КРнын Министрлер Кабинетинин аракеттеринин жана Чек ара кызматынын пландуу ишинин натыйжасында, мамлекеттик чек ара заманбап, ачык-айкын жана ыңгайлуу болуп жаткандыгын көрүп жатабыз.
Мамлекет коопсуз жана жөнгө салынган чөйрөгө башка мамлекеттерден жумушчу күчтү тартып келүү үчүн механизмдерди түзүп, ошол укуктук механизмдер иштеп турса, биз үчүн ийгилик болуп саналат. Натыйжада, баары утушта болот: жергиликтүү дыйкан же курулушчулар керектүү кадрларды алат жана алардын ишканасы өнүгөт, эмгек мигранты салык төлөп, мыйзамдуу түрдө иштей алат, ал эми чек арага чектеш аймактар биргелешкен экономикалык өсүштүн күчтүү демин сезишет.
Фергана өрөөнүндөгү эмгек мобилдүүлүгү жана чек арадагы соода сатык сапаттуу жаңы деңгээлге чыгып, бул оң өзгөрүүлөрдүн негизги ийгилиги - мамлекеттин проактивдүү позициясынын натыйжасында ишке ашууда. КРгы тиешелүү министрликтердин аракети миграция агымдарын натыйжалуу башкарууга, мыйзамдуу бизнес үчүн ачык-айкын шарт түзүүгө жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоого берилгендигин көрсөтүп жатат.