Бишкекте ШКУ алкагында фитосанитардык коопсуздук маселелери каралды

Бишкекте ШКУ алкагында фитосанитардык коопсуздук маселелери каралды

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини тармагында кызматташкан министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чара "Фитосанитардык чөйрөдөгү өнөктөштүк – ШКУ өлкөлөрүнүн соода байланыштарын чыңдоочу фактор" темасында уюштурулду.

Кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги делегациялары жана уюмдун Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин директору Максат Кочеров өкүлчүлүк кылды.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар күн тартибин бекитип, кызматташуунун негизги багыттары боюнча пикир алмашышты. Атап айтканда, фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо, карантиндик объекттердин жайылышын алдын алуу, айыл чарба продукцияларынын өз ара соодасын өнүктүрүү жана фитосанитардык көзөмөлгө заманбап санарип технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында катышуучулар өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кызматташууну тереңдетүүгө багытталган протоколго кол коюшту. Бул документ ШКУ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарындагы шагыл жана кум өндүрүүчү ишканада текшерүү жүргүзүлдү

Ош шаарындагы шагыл жана кум өндүрүүчү ишканада текшерүү жүргүзүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Ош шаарындагы шагыл жана кум өндүрүүчү ишкананын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер өндүрүштүн технологиялык процесси менен таанышып, продукциянын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин баалашты. Ошондой эле сертификациялык сыноолорду жүргүзүү үчүн өндүрүлгөн продукциядан үлгүлөр алынды.

Таласта 350 млн долларлык мунай иштетүүчү комплекстин курулуусу каралууда

Таласта 350 млн долларлык мунай иштетүүчү комплекстин курулуусу каралууда

Талас облусунда түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кайра иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда. Долбоорго болжол менен 350 млн доллар инвестиция тартуу каралууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Долбоорду ишке ашыруу боюнча министр Бакыт Сыдыков менен казакстандык QAZAQ BITUM Processing компаниясынын директору Ержан Бейсебаев өз ара түшүнүшүү

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча онлайн форматта ачылып жаткан социалдык объекттердин катарында Чоң-Алай районунда 3 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Алардын бири - Чоң-Алай райондук социалдык фонд башкармалыгынын жаңы имараты. Анын курулушу 2025-жылы башталып, сметалык баасы 20,9 млн сомду

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

Талас облусундагы "Айтматов Ааламы" мемориалдык музей-комплексинде Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өтүүчү иш-чараларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, резервдик генератор орнотулган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Иштерди "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын кызматкерлери аткарды. Анын