Курулуш объектилеринде дөңгөлөк жуучу жайлар текшерилүүдө

Курулуш объектилеринде дөңгөлөк жуучу жайлар текшерилүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан курулуш объектилеринде санитардык жана техникалык талаптардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, курулуш аянтчаларында атайын техникалардын дөңгөлөктөрүн жуучу жайларды уюштуруу милдеттүү талап болуп саналат. Бул чара шаардагы жолдордун жана айлана-чөйрөнүн булгануусун алдын алууга багытталган.

Текшерүүлөрдүн негизги максаты — курулуш иштерин жүргүзүүдө санитардык талаптардын так сакталышын камсыз кылуу жана шаар көчөлөрүнүн булгануусуна жол бербөө.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш компанияларын жана подрядчы уюмдарды белгиленген талаптарды так сактоого чакырат. Атап айтканда, атайын техникалар үчүн дөңгөлөк жуучу жайларды уюштуруу зарылдыгы эскертилет.

Белгиленген санитардык жана техникалык талаптар аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча онлайн форматта ачылып жаткан социалдык объекттердин катарында Чоң-Алай районунда 3 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Алардын бири - Чоң-Алай райондук социалдык фонд башкармалыгынын жаңы имараты. Анын курулушу 2025-жылы башталып, сметалык баасы 20,9 млн сомду

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

Талас облусундагы "Айтматов Ааламы" мемориалдык музей-комплексинде Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өтүүчү иш-чараларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, резервдик генератор орнотулган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Иштерди "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын кызматкерлери аткарды. Анын

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №104 мектептин курулушу толугу менен аяктады. Мектептин курулушу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, учурда имаратка эмеректерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Курулуш министрлиги билдиргендей, үч кабаттуу мектеп 750 окуучуга ылайыкталып, заманбап панелдик типте курулган. Анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, компьютердик класстар,

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган