Бишкекте шаарды жашылдандыруу боюнча конкурстар жарыяланды

Бишкекте шаарды жашылдандыруу боюнча конкурстар жарыяланды

Бишкекте "Жашыл шаар" жана "Бишкек шаарынын мэриясынын жашыл фондду көбөйтүү боюнча мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы" аттуу конкурстар жарыяланды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, конкурстар 15-апрелден 15-августка чейин өтөт.

Конкурстардын максаты — тургундардын жана ишкерлердин коомдук демилгелерин колдоо, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу, ошондой эле борбор калаанын жашыл фондун сактоо жана көбөйтүүгө багытталган "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын милдеттерин ишке ашыруу.

Жеңүүчүлөр үчүн жашылдандыруу тармагындагы мыкты демилгелерди колдоого багытталган байге фонду каралган.

"Жашыл фондду көбөйтүү боюнча мыкты муниципалдык аймактык башкармалык" конкурсу:

  • 1-орун — 220 000 сом;
  • 2-орун — 180 000 сом;
  • 3-орун — 120 000 сом.

Жашыл шаар" конкурсу төмөнкү номинациялар боюнча өтөт:

"Мыкты жашыл короо":

  • 1-орун — 4 жеңүүчү (ар бир райондон бирден) — ар бирине 200 000 сом;
  • 2-орун — 4 жеңүүчү (ар бир райондон бирден) — ар бирине 100 000 сом.

"Турак жай массивдериндеги мыкты жашыл көчө":

  • 1-орун — 200 000 сом;
  • 2-орун — 100 000 сом;
  • 3-орун — 50 000 сом.

"Мыкты жашыл билим берүү мекемеси":

  • 1-орун — 200 000 сом;
  • 2-орун — 150 000 сом;
  • 3-орун — 100 000 сом.

"Гүлдөгөн бизнес-оазис":

  • 1-орун — 100 000 сом;
  • 2-орун — 80 000 сом;
  • 3-орун — 60 000 сом.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады