Парламент комитети МинКаб төрагасынын орун басарлыгына Маматкановду жактырды

Парламент комитети МинКаб төрагасынын орун басарлыгына Маматкановду жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети бүгүнкү жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Улан Маматкановдун талапкерлигин жактырды.

Анын талапкерлиги президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталып, Жогорку Кеңештин макулдугун алуу үчүн киргизилген. Комитеттин жыйынында талапкердин өмүр баяны, иш тажрыйбасы боюнча маалымат берилди.

Улан Маматканов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында туулган. Учурда 43 жашта.

Билими:

  • 2004-жылы — Ош мамлекеттик университетинин философия жана башкаруу технологиялары факультетин “мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.
  • 2008-жылы — президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын “мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” адистиги боюнча магистратурасын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2005–2008-жылдары — Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде ар кандай кызматтарда;
  • 2007–2008-жылдары — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри У.Абдуллаеванын кеңешчиси;
  • 2009-жылы — вице-премьер-министр У.Абдуллаеванын жардамчысы;
  • 2009–2010-жылдары — өкмөт аппаратынын өкмөттүк чечимдерди экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти, вице-премьер-министрдин жардамчысы;
  • 2010-жылы — эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министри А.Рыскулованын жардамчысы;
  • 2010–2011-жылдары — Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин этникалык кыргыздар жана кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2011-жылы — социалдык коргоо министри А.Рыскулованын кеңешчиси;
  • 2012-жылы — өкмөт аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн инспектору;
  • 2013–2014-жылдары — жеке сектордо;
  • 2014–2016-жылдары — президент аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти;
  • 2016–2018-жылдары — өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмү;
  • 2020–2021-жылдары — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары;
  • 2021-жылы — Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
  • 2021–2026-жылдары — президенттин администрациясында;
  • 2026-жылдын 15-апрелинен тарта — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media