Кыргызстанда ведомстволук мугалимдер сыйлыктарды ортомчусуз алышат

Кыргызстанда ведомстволук мугалимдер сыйлыктарды ортомчусуз алышат

Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктарына педагог кызматкерлерди тандоонун санариптик механизми автоматташтырылган "Мугалим" маалыматтык системасынын негизинде ишке киргизилди.

Буга чейин ведомстволук сыйлыктарга талапкерлерди кароо жана тандоо процесси мектептердин, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана министрликтин атайын түзүлгөн комиссиясынын катышуусу менен жүргүзүлчү. Эми бул процесс толугу менен автоматташтырылып, "Мугалим" маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылат.

Жаңы механизмге ылайык, ар бир талапкер "жеке кабинети" аркылуу өзүнүн кесиптик жетишкендиктери жана аларды тастыктаган документтер тууралуу маалыматтарды белгиленген критерийлерге ылайык жүктөйт. Жүктөлгөн маалыматтар система тарабынан автоматтык түрдө катталып, текшерилет жана белгиленген көрсөткүчтөр боюнча упайлар ыйгарылат. Жыйынтык жалпы базага топтолгон маалыматтардын негизинде түзүлөт.

Критерийлерге квалификацияны жогорулатуу көрсөткүчтөрү, методикалык жана автордук иштеп чыгуулар, кесиптик жетишкендиктер, педагогикалык иштин жыйынтыктары, ошондой эле сынактарга жана башка маанилүү иш-чараларга катышуу кирет.

Жаңы система талапкерлердин тизмесин автоматтык түрдө түзүп, чечим кабыл алууда адам факторун толугу менен жокко чыгарат. Чечим алдын ала бекитилген бирдиктүү жана так критерийлердин негизинде автоматтык түрдө аныкталат.

Мындай ыкма ачыктыкты, адилеттүүлүктү жана объективдүүлүктү камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле убакытты үнөмдөөгө, документ жүгүртүүнү азайтууга жана сыйлыктарды берүү процессин заманбап талаптарга ылайык жүргүзүүгө шарт түзөт.

Жаңы механизм 2026-жылы алгач ирет "Акыркы коңгуроо" аземинин алкагында колдонулат. Өзгөчө жетишкендиктерге жетишкен педагогдор санариптик система аркылуу ортомчусуз ведомстволук сыйлыктарды ала алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media