Мыйзамсыз психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү каналы токтотулду

Мыйзамсыз психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү каналы токтотулду

Бишкек шаарында психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүү каналы токтотулганын Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери белгисиз жаран Кытайдан психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз ташып келип, аларды интернет-дүкөн аркылуу сатуу, ошондой эле синтетикалык баңгизаттарды даярдоо үчүн колдонуп жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренеси (прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Курманжан Датка көчөсүндө 1990-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалган. Аны тинтүү учурунда жана кармалган жерди кароо маалында синтетикалык баңгизаттарды даярдоодо колдонулуучу прекурсорлор — туз кислотасы жана метилпропиофенон табылып, алынган. Жалпы алынган заттардын салмагы 69,9 кг түзгөн.

Азыркы учурда бул иш боюнча Свердлов РИИБнин тергөө кызматы мүмкүн болгон шериктештерди жана сатуу каналдарын аныктоо боюнча бардык керектүү тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

Президенттин креативдүү секторду салыктан бошотуу тууралуу жарлыгында каралган жеңилдиктерден Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары да пайдалана алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Шыкмаматовдун айтымында, жарлыкта “Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды, анын ичинде тексттик, графикалык, аудио жана видеоматериалдарды даярдоо, жайгаштыруу жана жайылтуу кызматтары” жөнүндө сөз болот.

Кыргызстан менен Венесуэла балык чарба тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Венесуэла балык чарба тармагында кызматташат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Венесуэланын Балык чарбасы жана аквакультура боюнча элдик бийлик министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргызстандагы элчиси Росальба Ло Буэ менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар балык чарбасы жана аквакультура тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын

Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө

Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө

Бишкек жылуулук электр борборунда алдыдагы күз-кыш мезгилине карата пландуу оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, иштердин негизги максаты — кыш мезгилинде калкты жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Учурда станциянын негизги жана көмөкчү жабдуулары, ошондой эле имараттары жана курулмалары жаңыланууда. Бекитилген иш тартибине ылайык,

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка  ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads,