Ата-энеси жакындарына калтырып кеткен балдар 84 миңди түзөт

Ата-энеси жакындарына калтырып кеткен балдар 84 миңди түзөт

Кыргызстанда мигранттардын жакындарынын колунда калган балдары 84 миңди түзгөнүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков 24-апрелде парламенттеги “Ишеним” депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

“Алардын ичинен дээрлик 82% ата-энеси өлкөдөн чыгып кеткен. Калганы ички мигранттардын балдары. Министрлик бардык балдарды өз учурунда көзөмөлгө алган”, - деди Байгончоков.

Анын айтымында, министрлик оор кырдаалдагы балдардын ден соолугун чыңдоого жайкы эс алуу уюштуруп келет жана бул үчүн 15 млн сом бөлүнөт.

Министрлик 2024-жылы октябрда туугандарынын колунда тарбияланып жаткан мигранттардын балдары 72 миңге жеткенин билдирген.

Былтыр январда президент Садыр Жапаров балдар менен иш алып барган социалдык кызматкерлердин санын көбөйтүү боюнча жарлык чыгарып, 550 штаттык бирдик кошулган. Алар турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар менен иштей турган болгон.

Укук коргоочулар түрдүү зомбулукка кабылган балдардын көбү ата-энеси миграцияда жүргөндөр экенин айтып келишет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады