"Бала ырысы" жөлөкпулун 25 миңден ашык адам алып жатат

"Бала ырысы" жөлөкпулун 25 миңден ашык адам алып жатат

Кыргызстанда балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоонун жаңы чаралары ишке ашырылып жатканын эмгек министринин орун басары Мирлан Байгончоков 24-апрелде "Ишеним" депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын июль айынан тартып "Балага келечек" программасы иштеп жатат. Бул программа ар бир бала 18 жашка чыкканда 500 миң сом топтоону карайт. 2025-жылы бул мүмкүнчүлүктөн 100 бала пайдаланган.

2026-жылдан тарта тоолуу жана алыскы аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн жаңы төлөмдөр киргизилди:

  • төртүнчү балага — 100 миң сом,
  • жетинчи балага — 1 млн сом,
  • онунчу жана андан кийинки балдарга — 2 млн сом.

"Мындан тышкары, үчүнчү жана андан кийинки үч жашка чейинки балдар үчүн ай сайын 3 миң сом өлчөмүндө "Бала ырысы" жөлөкпулу киргизилди. 2026-жылдын 1-апрелине карата аны 25 миңден ашык адам алып жатат",- деп билдирди министрдин орун басары.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген