Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылды

Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылды

Бишкек шаарында 245 унаага ылайыкташтырылган жер астындагы кабаты менен көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев, шаардык кеңештин депутаттары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Жаңы унаа токтотуучу жай Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан. Аймакка келген коноктор үчүн унаа токтотуучу жайларды камсыз кылуу жана короолорго болгон жүктү азайтуу максатын көздөйт.

Долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасынын алкагында ишке ашырылды. Жайдын жалпы аянты 11 000 чарчы метрден ашат. Унаа токтотуучу жай жертөлө жана жер үстүндөгү беш кабаттан турат, бул унаалар үчүн ыңгайлуу кирүү жана чыгууну камсыз кылат.
Имараттын фасады заманбап темир панелдерди колдонуу менен курулган жана светодиоддук экран менен толукталып, бүтүндөй курулуш үчүн заманбап архитектуралык көрүнүштү түзөт.

Долбоордун алкагында жанаша жайгашкан аймакты комплекстүү жакшыртуу иштери аяктады, ошондой эле №4/1 турак жай имаратынын короосун кошо алганда, подъезд жолдорунун асфальты жаңыртылды, тротуарлар оңдолду, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү балдар аянтчасы жана коомдук транспорт аялдамасы реконструкцияланды.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media