Быйылкы жылдын 4 айында 1140 киберкылмыштуулук катталды

Быйылкы жылдын 4 айында 1140 киберкылмыштуулук катталды

Кыргызстанда киберкылмыштуулук өсүп, мындай иштер боюнча жалпы зыян 1 млрд сомдон ашканын CYBERTOR-2026 форумунда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы 1547 киберкылмыш катталган болсо, 2026-жылдын үчүнчү кварталына карата бул көрсөткүч 1140ка жеткен.

Абдиев белгилегендей, киберкылмыштуулук эң кооптуу кылмыш түрлөрүнүн бирине айланып барат. Кеңири тараган түрлөрүнө интернет-алдамчылык, фишингдик чабуулдар, жеке маалыматтарды уурдоо, аккаунттарды бузуу жана криптовалюталарды колдонуу менен жасалган кылмыштар кирет.

ИИМдин маалыматы боюнча, кылмышкерлер жарандардын ишенимине жана маалыматынын жетишсиздигине таянып, социалдык инженерия ыкмаларын активдүү колдонушат.

Негизги тенденциялар катары ал алыстан жасалган кылмыштардын көбөйүшүн, географиясынын кеңейишин, чет өлкөлүк субъекттердин катышуусун, кирешелерди мыйзамдаштыруу схемаларынын татаалдашуусун жана жаштарды интернет аркылуу тартууну белгиледи. Ошондой эле калктын киберсабаттуулук деңгээлинин төмөндүгү да айтылды.

ИИМде билдиришкендей, бул коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн программалык-аналитикалык системалар киргизилип, техникалык жабдуу күчөтүлүп, калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media