Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын саны кыскарды
Кыргызстанда социалдык жөлөк пул алгандардын саны азайгандыгы байкалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жөлөк пул алгандардын саны 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 195 миң 900 адамга кыскарган.
Министрлик бул көрүнүштү социалдык саясатка болгон мамиленин өзгөрүшү жана калктын өз алдынчалык деңгээлинин жогорулашы менен байланыштырат.