Жумушсуз кош бойлуу аялдар 7500 сом жөлөк пул ала алышат

Жумушсуз кош бойлуу аялдар 7500 сом жөлөк пул ала алышат

Кыргызстанда жумушсуз кош бойлуу аялдар иш менен камсыз кылуу органдарында каттоодо турган шартта төрөткө чейинки жөлөкпул ала алышарын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү "Ишеним" депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Депутат Нуржамал Төрөбекова азыркы учурда төрөткө чейинки бир жолку жардам иштеген аялдарга жана айыл чарбасында эмгектенгендерге гана берилип жатканын, ал эми жумушсуз аялдар бул колдоодон тышта калып жатканын айтты. Ал бардык кош бойлуу аялдарга, жумушуна карабастан, жөлөкпул төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Министрликтин өкүлү түшүндүргөндөй, иштеген аялдар үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча төлөмдөр (оору баракчасы) төмөнкүдөй каржыланат: алгачкы 10 күндү иш берүүчү төлөйт, 11-күндөн баштап төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Ошол эле учурда жумушсуз кош бойлуу аялдар, эгерде расмий түрдө жумушсуз катары катталган болсо, орточо эсеп менен 7500 сомго жакын акчалай жөлөкпул ала алышат.

Министрликтин өкүлү белгилегендей, бул үчүн иш менен камсыз кылуу борборуна каттоого туруу керек жана аялдар эмгек стажы жок болсо да төлөм алууга укуктуу боло алышат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады