Ошто аэропорттун аймагында сейил бак курулду

Ошто аэропорттун аймагында сейил бак курулду

Бүгүн,  26-апрелде “Ош” эл аралык аэропортунун аймагында “Аэропорт” авиапаркы расмий пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, “Кыргызстан Аэропорттору” ААКнын жетекчиси Манасбек Самидинов, аэропорт жамааты жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземинде мэр Жанарбек Акаев сөз сүйлөп, шаар тургундары үчүн бул сейил бак чоң белек экенин, калаанын аймагындагы ишканалар бош жайларды жашыл аймак кылса жакшы болоорун айтып өттү. Ошондой эле калаа башчысы ушу тапта Ош шаарында көчөт отургузуп, бак тигүү жашыл зоналарды көбөйтүү жараяны жигердүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, “Аэропорт” сейил багы 1 гектар жерди ээлеп, анда авиамузей, Сулайман-Тоонун 3Д макети, 2 кадимки учак, сейил бак, оргума бар. Ошондой эле, жашыл аймак, түнкүсүн жарыктандыруу, өзгөчө дизайндагы отургучтар каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media