2026-жылы 4 млрд сомго 1427 техника лизинг аркылуу берилди

2026-жылы 4 млрд сомго 1427 техника лизинг аркылуу берилди

Республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп келет. Бул тууралуу  айыл арба мнистрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өндүрүштүн негизги каражаттарын техникалык жабдуу, өлкөнүн машина-трактор паркын кайра калыбына келтирүү жана модернизациялоо, техникалык кызмат көрсөтүүчү кызматтардын инфраструктурасын кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба техникасын лизинг жолу менен өнүктүрүү үчүн 2011-жылдан тартып “Гослизинг-1–6” кредиттик линиялары жана ЕАБР долбоору ишке ашырылып келет.

Бардык көрсөтүлгөн долбоорлор ушул долбоорлордун аткаруучу операторлору болуп эсептелген “А Банк” ААКсы жана “Элдик Банк” ААКсы аркылуу ишке ашырылууда. 

2011-2026-жылдар аралыгында бардыгы болуп 32,4 миллиард сомго 11 710 даана айыл чарба техника лизинг долбоорлору аркылуу берилсе, анын ичинен 2026-жылы 4,0 миллиард сомго 1427 даана техника берилди. Техниканын түрлөрү боюнча 2026-жылдын ичинде 182 трактор, 3 комбайн, 114 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар, 39 айыл чарба машиналары, 571 спецтехника, 518 транспорт каражаттары берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media