Айыл чарба продукцияларынын экспортун көбөйтүү боюнча жыйын өттү

Айыл чарба продукцияларынын экспортун көбөйтүү боюнча жыйын өттү

Москва шаарында өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин жыйынына Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев жана министрликтин экспорт жана интеграция боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Айдан Багышова катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, товарларды маркировкалоо системасын өркүндөтүү жана өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу маселелери талкууланды. Ошондой эле техникалык жөнгө салуу, санариптик чечимдерди киргизүү жана продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу багытында пикир алмашуу болду.

Рустам Балтабаев Кыргызстандын айыл чарба продукциясын тышкы рынокторго чыгарууну активдештирүү, ЕАЭБ алкагындагы кызматташууну кеңейтүү жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Жыйындын жыйынтыгында тараптар интеграциялык процесстерди тереңдетүү, өз ара ишенимди бекемдөө жана биргелешкен чечимдерди ырааттуу ишке ашыруу маанилүү экенин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media