Жөлөк пул алгандардын саны 152,9 миң адамга кыскарды

Жөлөк пул алгандардын саны 152,9 миң адамга кыскарды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде социалдык өнүгүүнүн учурдагы абалын талдоо жана мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу чараларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөлөрүндөгү абалды талдоо мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү жана кечиктирилгис чараларды талап кылган туруктуу системалуу маселелерди аныктайт.

Социалдык төлөмдөр системасына өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, социалдык жөлөк пул алуучулардын ичинен 41,6 пайызы “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар болуп саналат. Бирок акыркы жылдар аралыгында аталган жөлөк пул алуучулардын саны 359,5 миңден 152,9 миң адамга (111,0 миңден 42,6 миң үй-бүлө) чейин кыскарган. Бул динамика жакырчылыктан чыгаруу инструменти катары киргизилген социалдык контракт программасы менен шартталган, бирок аны системалуу түрдө баалоо жана камтууну кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйындын соңунда бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде эмгекти, социалдык камсыздоону жана миграцияны интеграциялоого, калктын иш менен камсыз болушун жогорулатууга жана жакырчылыкты кыскартууга, санариптештирүү жана аналитикалык мониторинг механизмдерин ишке ашырууга багытталган комплекстүү улуттук программаны иштеп чыгуу. Программада социалдык контракттарды иштеп чыгуу, кесиптик окутуу, калктын аялуу катмарын колдоо боюнча чаралар камтылууга тийиш. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында кыска мөөнөттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media