АКШда Трамптын портрети паспорттун мукабасына жайгаштырылат

АКШда Трамптын портрети паспорттун мукабасына жайгаштырылат

АКШда өлкөнүн көз карандысыздыгынын 250 жылдыгына карата азыркы президент Дональд Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн паспорттордун атайын сериясы чыгарыларын Deutsche Welle маалымдады.

Мындай паспорттор демейки түрдө Вашингтон шаарындагы паспорт берүү агенттиги тарабынан берилет. Ал эми онлайн же башка бөлүмдөр аркылуу алынган документтер кадимки дизайнда болот.

Жарыяланган макетке ылайык, паспорттун алдыңкы мукабасынын ички бетине Трамптын жүзү жана анын алтын тамгалар менен жазылган кол тамгасы жайгаштырылат. Арткы мукабасында америкалык сүрөтчү Джон Трамбуллдын "Көз карандысыздык декларациясы" аттуу сүрөтүнүн бир бөлүгү түшүрүлөт.

Мындай паспорттор канча нускада чыгары белгисиз.

Стандарттуу дизайнда Америка паспортунун ички бетинде башка америкалык сүрөтчү Эдвард Перси Морандын эмгеги жайгашкан. Анда мамлекеттик гимндин автору Фрэнсис Скотт Кинин англиялык аскерлер тарабынан Балтимордогу Макгенри фортун бомбалоо окуясынан кийин тартылган.

26-мартта АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгына карата чыгарылуучу 100 долларлык банкноттордо да учурдагы президенттин кол тамгасы пайда болору маалым болгон. Бул акыркы 165 жыл ичиндеги биринчи мындай өзгөрүү болмокчу.
Мындан тышкары, АКШнын Көркөм искусство комиссиясы юбилейге карата 24 караттык алтын тыйын чыгарууну жактырган. Анда президент "Эркиндик" (Liberty) деген жазуу менен сүрөттөлөт. 2025-жылдын октябрында Трамп администрациясы комиссиянын бардык мүчөлөрүн кызматтан бошотуп, алардын ордуна өзүнө жакын адамдарды дайындаган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media