Гүлчөдө 92 турак жайды сел каптады

Гүлчөдө 92 турак жайды сел каптады

 27-28-апрелде Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөрдүн жана социалдык объекттердин короолоруна жана жер төлөлөрүнө суу кирген. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Гүлчө шаарынын мэриясы тарабынан “Өзгөчө кырдаалдар” режими киргизилди.

ӨКМ тарабынан кырсык болгон аймакка жалпы 74 кызматкер, 8 атайын техника жана 2 инженердик техника тартылган. Мындан сырткары, Алай райондук жарандык коргонуу кызматтары тарабынан тиешелүү мекеме-уюмдардан жана жергиликтүү тургундардан жалпы 388 адам, 27 техника жана 5 мотопомпа тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Алдын ала маалыматка ылайык, сел суулары 92 турак жайга (анын ичинде 17 жер төлөөгө, 71 короого жана 4 чарбалык курулушка) жана 2 социалдык объектке (мектеп) кирген.Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери улантылууда. Саат 22:20га карата 25 турак жай сел калдыктарынан тазаланып, анын ичинде 6 жер төлөө жана 19 короо тазаланган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин жеке көзөмөлүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол чийиндери аба ырайы жакшыргандан кийин түшүрүлөрүн эскертти. Учурда аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган. Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдыкты сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга чакырат. Кыргызстандын экономика,

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле МинКаб башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык

“Талас Даамы” ишканасы 30 тоннага жакын сүт кабыл алууда

“Талас Даамы” ишканасы 30 тоннага жакын сүт кабыл алууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаевдин Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы ири сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын бири болгон “Талас Даамы”ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, сүт жана сүт азыктары өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу стратегиялык

Жолду оңдоо иштеринде курулуш нормаларын бузган ишканага айып пул салынды

Жолду оңдоо иштеринде курулуш нормаларын бузган ишканага айып пул салынды

Жалал-Абад облусундагы Үч-Терек – Жетиген жолунун оңдоо иштеринде курулуш нормаларынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти жолдун оңдоо иштерин текшерип, лабораториялык анализ үчүн үлгүлөрдү алган. Изилдөөнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Тактап айтканда, айрым жерлерде асфальт бетон негизсиз