Өзгөндө 109, 5 млн сомго жаңы мектеп курулду

Өзгөндө 109, 5 млн сомго жаңы мектеп курулду

Өзгөн районунун Кара-Тарык айылындагы 150 орундуу Т.Жоробеков атындагы мектептин курулушу аяктады. Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 109,5 миллион сомду түздү. Курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айында башталган. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, башкы планга ылайык, жаңы мектептин жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имараттан турат. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек бөлмөлөрү жана спорт залы каралган. Учурда эмеректерди жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуш-монтаждоо иштерин “Улар Транс” ЖЧКсы аткарып, курулуштун ар бир этабы турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөндү.

Долбоорду ишке ашыруунун негизги максаты - аймактын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media