Аравандагы селге кабылган үйлөр толугу менен тазаланды

Аравандагы селге кабылган үйлөр толугу менен тазаланды

29-апрелде катуу жааган жамгырдын кесепетинен Араван районунун С. Юсупов айыл аймагында сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен Октябрь айылындагы 8 турак үйдүн короосун жана 5 турак үйдүн жер төлөөсүн суу каптаган.
Кырдаалды жоюу иштерине ӨКМдин Араван райондук бөлүмүнөн 25 куткаруучу жана 3 атайын техника тартылган.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында турак үйлөрдүн короолору жана жер төлөөлөрү сел калдыктарынан толугу менен тазаланды.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жанаYouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Жолду оңдоо иштеринде курулуш нормаларын бузган ишканага айып пул салынды

Жолду оңдоо иштеринде курулуш нормаларын бузган ишканага айып пул салынды

Жалал-Абад облусундагы Үч-Терек – Жетиген жолунун оңдоо иштеринде курулуш нормаларынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти жолдун оңдоо иштерин текшерип, лабораториялык анализ үчүн үлгүлөрдү алган. Изилдөөнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Тактап айтканда, айрым жерлерде асфальт бетон негизсиз

Мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн ишканаларга 1 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн ишканаларга 1 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан Чолпон-Ата шаарында жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө бир катар коомдук тамактануу объектилеринде, конок үйлөрдө жана май куюучу жайда мыйзам бузуулар аныкталды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объектилерде курулуш иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп, курулуш

Кыргызстан менен Түркия шаар куруу жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Түркия шаар куруу жаатында кызматташат

18-июнда Анкара шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен Түркиянын айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курумдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Курулуш минисрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосунда Шаар куруу жаатында кызматташуу

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

Ички иштер министрлиги эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте чет өлкөдө жарандарды мыйзамсыз жумушка орноштурган учурлар үчүн айып пулдарды көбөйтүү жана чет элдик эмгек күчүн мыйзамсыз тартууга карата жаза чараларын катаалдаштыруу каралган. Маалыматка ылайык, 2023-жылы чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз