Мыйзамсыз алынып келе жаткан 1 млн сомдук товарлар аныкталды

Мыйзамсыз алынып келе жаткан 1 млн сомдук товарлар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөнүн аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ар кандай товарларды мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө автотетиктерди, электр шаймандарын жана башка буюмдарды алып келе жаткан жүк ташуучу унаа аныкталды.

Жүктү карап чыгууда жана документтерди текшерүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна негиздүү шектенүүлөр пайда болгон. Жүктү көзөмөлгө алуу максатында салык кызматкерлери тарабынан автотранспорт каражатына контролдук пломба коюлган.
Андан ары, жүктү түшүрүүчү жерде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында товарлар тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган товардык коштомо документтери жок алуучуларга жеткирилгени аныкталды. Эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 1 миллион сомдон ашты.Бул факты боюнча тиешелүү процессуалдык материалдар түзүлдү. Эреже бузгандарга укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул салуу менен административдик чаралар көрүлдү.

Мындан тышкары, аталган факт боюнча камералдык салыктык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча төлөнбөй калган салык милдеттенмелерин кошуп эсептөө болжолдонууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media