Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктар 20 млн сомдон ашык акчага алданышкан

Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктар 20 млн сомдон ашык акчага алданышкан

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата бир катар алдамчылык фактылары катталганын билдирди. Анын айтымында, бул иштер боюнча келтирилген зыян 20 миллион сомдон ашат.

Парламентарийдин маалыматына ылайык, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 30дан ашык адам бири-бирине каршы арыз жазып, алар алдамчылык фактылары катары катталган. Сөз 2023–2025-жылдар аралыгындагы окуялар тууралуу болууда.

Депутаттын айтымында, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген Казакстандын эки жараны Кыргызстанга келип, турак жайды арзан баада алып берүү сунуштарын киргизишкен. Натыйжада жабырлануучулар акча которуп, ал каражаттар, Бекешевдин айтымында, өлкөдөн сыртка чыгарылып кеткен.

"Алар абдан ишенчээк, укуктук сабаттуулук деңгээлинде көйгөйлөр бар. Жыйынтыгында 20 млн сомдон ашык каражат Казакстанга которулган", — деп белгиледи ал.

Депутат белгилегендей, учурда ортомчулар гана кармалды, алар да угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Ал эми схеманын уюштуруучулары азырынча жоопкерчиликке тартылган эмес.

Бекешев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Казакстандын укук коргоо органдары менен биргеликте иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев бул багытта иш казак тарап менен биргеликте жүргүзүлөрүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media