Мектеп формасы мурдагы талаптар боюнча калат — жумушчу топтун чечими чыкты

Мектеп формасы мурдагы талаптар боюнча калат — жумушчу топтун чечими чыкты

Агартуу министрлиги мектеп формасына байланыштуу сунуштарды кароо үчүн түзүлгөн атайын жумушчу топ өз чечимин чыгарды. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 токтому өзгөртүүсүз күчүндө калат.

Министрликтин маалыматына ылайык, чечим мугалимдердин, ата-энелердин, окуучулардын жана эксперттердин пикирлерин эске алуу менен кабыл алынган.

Буга чейин көпчүлүк ата-энелер балдарына “үстү ачык түстө, асты кочкул түстө” деген талапка ылайык мектеп формасын өз алдынча тандап келишкен. Бул ыкма билим берүү процессинде олуттуу көйгөйлөрдү жараткан эмес.

Кыздар үчүн мектеп формасына классикалык стилдеги блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук жана пиджак кирет. Ал эми балдар үчүн көйнөк, жилет, шым жана пиджак каралган. Форманын негизги түстөрү катары кара, боз, көк жана кочкул кызыл түстөр бекитилген.

Министрлик белгилегендей, бирдиктүү жана токтоо мектеп формасы окуучулардын ортосундагы социалдык айырмачылыкты азайтып, кийим-кечеге байланышкан атаандаштык менен материалдык басымдын алдын алууга жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media
ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор аткарылууда

ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор аткарылууда

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) аймактык директору Хаммад Зафар Хундал жана Банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Министрликтин маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын: учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы демилгелерди даярдоо жана КР үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча

Ишкер Media
Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт

Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Климат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук диалогдо сөз сүйлөдү. Иш-чара Климат жана жаратылыш боюнча улуттук жумалыкты жыйынтыкталышына жана Климат жана биологиялык ар түрдүүлүк маселелери боюнча эл аралык конференцияларга карата Кыргыз Республикасынын

Ишкер Media