Туризмди өнүктүрүү боюнча меморандум түзүлдү
Туризм департаментинин директору Эдуард Кубатов бүгүн, 25-ноябрда, "Ачык кабинет" программасынын алкагында журналисттер менен бир күн өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ал алгач журналисттерди эки күн мурун көчүп келген жаңы кеңсеси менен тааныштырды.
Кубатовдун айтымында, имаратта Туризм департаменти жана Туризмди өнүктүрүү фонду жайгашкан.
Учурда департаментте 18–20дай кызматкер, ал эми фондду кошкондо жалпы 50гө жакын адам иштейт.
Директордун маалыматына караганда, департаменттин катардагы кызматкерлеринин айлыгы 75–85 миң сомду, ал эми жетекчилердики орточо 100 миң сомду түзөт.
Ошондой эле Эдуард Кубатов жумуш күнүнүн алкагында "Ала-Тоо Резорт", "Байтик Резорт" жана "Тосор Резорт" долбоорлору боюнча отчетторду укту.
Күндүн соңунда ал "Кыргызстан аэропорттору" ААКсы, "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы жана Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу аземине катышты.
Андан соң Эдуард Кубатов иш сапары менен Ташкент шаарына учуп кетти.