Бишкек-Балыкчы поездди менен канча адам жүргөн?
Быйыл Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы аркылуу 121 438 жүргүнчү ташылды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жол" ишканасы билдирди.
Маалыматта каттам 5-июндан 13-сентябрга чейин жүргөнү айтылат. Буга чейин 5-июндан 31-августка чейинки аралыкта каттам иштеп келген.
2024-жылы 51 314 адам, 2025-жылы 116 122 адам аталган багытта каттамга отурган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу