Эскирген, айрылган акчаны алмаштырууга болобу?
Коммерциялык банктар эскирген, айрылган жана күйгөн банкнотторду акысыз кабыл алып, алмаштырып беришет. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Кандай банкнотторду алиаштырууга болот?
- Катуу сүрүлгөндүктөн жешилип кеткен же кирдеген, же болбосо, тактары, жазуулары бар.
- Жыртылган же айрылып тунук скотч менен чапталган болсо.
- Күйгөн, чириген же бир бурчу үзүлүп калган болсо.
- Сом гана болушу шарт. Чет өлкөлүк акча бирдиги алмаштырылбайт.
Башкы банк акча бирдигинин 80%пайызы сакталуу болушу керектигин жана анын бардык бөлүктөрү бир эле кпюрага таандык болушу шарт экенин белгиледи.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу