Аравандагы селден кийин санитардык-эпидемиологиялык абал көзөмөлдөндү

Аравандагы селден кийин санитардык-эпидемиологиялык абал көзөмөлдөндү

3-майда Араван районунун Достук айыл аймагынын Маданият, Пахта-Дөбө айылдарында жана Дөбө-Коргон айыл аймагынын Бостон айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 21 турак үйдүн короо-жайын, 10 ажаткананы, 1 мектептин жана 1 бала бакчанын короосун суу каптаган. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун тиешелүү кызматтары (жергиликтүү бийлик, ӨКМ, жол тейлөө ишканасы, СЭЦ) тарабынан тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлүп, 4-майда толугу менен аяктаган. Учурда Маданият айылында ички жолдор, арыктар жана сел каналдары калыбына келтирилүүдө.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында райондук санитардык-эпидемиологиялык кызмат активдүү иш алып барууда. Алар 50 кг ГСА жана 100 даана "Хлорапин" дезинфекциялоочу каражаттарын колдонуп, залалсыздандыруу иш-чараларын жүргүзүштү. Мындан тышкары, 62 турак үй кыдырылып, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Суу түтүктөрү жабыркаган эмес. Ичүүчү суунун сапаты текшерилип, бардык чекиттерден алынган үлгүлөр боюнча олуттуу терс белгилер аныкталган жок. Учурда район боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты.  Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Учурда “Бишкек